Эл аралык археологдор тобу Өзбекстандан 2 миң жыл мурдагы грек аскер лагерин табышты

sciencedirect.com сайтынан алыган сүрөт.

Өзбекстандын түштүгүнөн (Бактрия менен Согдиананын чек арасында, географиялык жана административдик жактан бул аймак бүгүнкү күндө Сурхандарыя облусунун Байсун районуна караштуу - ред.) Прагадагы Карлов университетинен Ладислав Станко баштаган эл аралык чех-өзбек археологдор тобу эллинизм дооруна таандык Искандар-тепа антикалык аскерий лагерин табышты.

Journal of Archaeological Science: Reports илимий журналында жарыяланган макалада айтылгандай, топ бул тилкени биринчи жолу 2017-жылы изилдеген. 2021-жылы жер астында эмне барын картага түшүрүү үчүн магнитометр жана георадар өңдүү техникалык жабдыктар менен кайтып келишкен.

Магниттик сүрөткө тартуу жана георадардын жардамы менен адистер аянты 1,2 гектардан ашуун форпостту курчап турган узундугу 400 метрдей коргонуу аңчасын аныкташкан. Жыгачтан жасалган чептердин издери жана ондогон мүрзө табылган. Алардын айрымдары биздин заманга чейинки I кылымга жана андан кийинки мезгилдерге таандык экени кабарланууда.

Мүрзөлөр конуштун бир топ аймагын ээлегендиктен, археологдор көрүстөн аскер лагери иштебей калгандан кийин да колдонулган деп болжолдошот.

Изилдөөчүлөр тосулган аймактан жерге көмүлгөн, жергиликтүү эл "хум" деп атаган чопо карапаларды да табышкан. Окумуштуулар бул идиштерде жакынкы өрөөндөн ташылган же изилдөө учурунда табылган каналдан алынган суу сакталган деп эсептешет.

Изилдөөчүлөрдүн версиясы боюнча, бул мурда болжолдонгондой кадимки эле айыл эмес, эллинизм доорундагы кыска мөөнөттүү аскерий лагерь болушу мүмкүн. Буга анын дөңсөөдө жайгашуусу, коргонуу аңы, туруктуу курулуштардын жоктугу жана грек-бактриялык башкаруучулар Евтидем I менен Деметрий Iнин тыйындарынын табылышы далил.

Изилдөөчүлөр бул ачылышты маанилүү деп эсептешет, анткени Борбор Азияда мындай убактылуу грек аскерий лагерлери сейрек. Алардын пикиринде, адатта байыркы доордун издери дээрлик сакталбайт деле, андыктан геофизикалык ыкмалар жер бетинде көрүнбөгөн нерселерди табууга жардам берет.

"Дөңсөөдө жайгашканы, тегерете аң казылганы жана туруктуу курулуштардын жоктугу грек аскер лагерлерине окшошуп кеткен мындай курулуштар Борбор Азияда сейрек жана документтештирилген", - дейт профессор Станко.

Археологдордун айтымында, бул грек гарнизонунун жашы 2000 жылдан ашат.

Буга чейин Өзбекстанда археологдор 4 миң жыл мурдагы хирургиялык операциянын издерин табышканы кабарланган.

Дагы караңыз

Өзбекстандын Анжиян шаарында беш эм төрөлдүХАМАС Газадагы өз өкмөтү жоюлганын билдирдиУкраин армиясы Кыргызстан күйүүчү май алган Омск заводуна сокку урдуУКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шадыбеков баштаган бир нече кызматкер кармалды