Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Анкарада өтө турган НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн жолго чыкты. 7–8-июлда өтө турган саммитте Европанын коопсуздугу, Украинадагы согуш жана альянстын келечеги башкы темалардын бири болору күтүлүүдө.
Ага альянска мүчө 32 мамлекеттин башчылары катышат.
Саммитти утурлай АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрү Пентагон Европадагы америкалык аскерлердин жайгашуусун кайра карап жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, Вашингтон Европанын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтин көбүн европалык союздаштар өздөрү көтөрүшүн көздөйт.
Дональд Трамп НАТОго мүчө айрым өлкөлөр АКШнын аскердик коргоосуна таянып, өздөрү коргонууга жетиштүү каражат бөлбөй жатканын дагы бир жолу сынга алган.
Ошол эле учурда Кошмо Штаттар альянска эң ири каржы бөлгөн мамлекет бойдон калганы менен, ички дүң өнүмүнө салыштырмалуу коргонууга Польша, Литва, Латвия, Эстония жана Норвегия көбүрөөк каражат жумшап жатышат.
Өткөн жылы Гаагадагы саммитте кабыл алынган чечимдерге ылайык, НАТОго мүчө мамлекеттер Анкарада 2035-жылга чейин коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 5% жеткирүү боюнча жол карталарын сунушташы күтүлүүдө.
Пентагондун мурдагы атайын кеңешчиси Мэттью Кронигдин айтымында, бул жолку саммит өлкөлөр өз милдеттенмелерин канчалык деңгээлде аткарып жатканын көрсөткөн «отчеттук саммит» болот.
Жыйынга Украинанын лидери Владимир Зеленский да катышат. Ал саммиттин алкагында Трамп менен жолугушары күтүлүүдө.
Маалыматтарга караганда, Зеленский соңку жолу Киевге жасалган кандуу соккудан кийин Украинага кошумча Patriot абадан коргонуу системаларын берүү өтүнүчүн дагы бир жолу көтөрөт.