Кыргызстан быйыл сырттан 4 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттойт

Кыргызстандагы электр чубалгыларын оңдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2026-жылы коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден электр энергиясын алуу боюнча келишимдерди түзүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт/саат импорт кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди.

Импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Министр быйылкы керектөө жана өндүрүш жөнүндө маалыматты тактаган жок.

Быйыл апрелде энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков парламенттин комитетинин жыйынында 2026-жылы өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саат деңгээлинде күтүлүп жатканын билдирген. Ал Кыргызстан өзү быйыл 15,7 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөрүн маадымдаган.

2025-жылы керектөө 18 млрд кВт/саатты түзөт деп мерчемделсе, иш жүзүндө керектөө 19,3 млрд кВт/саатка жеткен. Өлкөдөгү гидроэлектр станциялар жана жылуулук электр борборлору 14,3 миллиард кВт/саат өндүрөт деп күтүлгөнү менен жыйынтыгында өндүрүш 15,4 миллиард кВт/саат болгон. 3,8 миллиард тартыштык башка өлкөлөрдөн импорттолгон. (ErN)

Дагы караңыз

Кемелерге чабуул жана экономикалык кысым. АКШ-Иран макулдашуусу туңгуюкка кептелди"Бензинди түндө куюп жатабыз". Орусиядагы кризистен кыйналган мигранттар