Раззаков шаарына учуп барган "Асман Эйрлайнс" аба компаниясынын учагы техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу маалыматты “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы ырастады.
Мекемеден такташкандай, борт учуп-конуу тилкесине кадимкидей эле конгон. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу андан ары учакты сүйрөгүч сүйрөп, токтотмо жайга жеткирген.
Окуянын себептери такталууда. "Асман Эйрлайнс" аба компаниясы бир нече сааттан кийин бул боюнча түшүндүрмө берерин билдирүүдө.
TezJet авиакомпаниясынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулаган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.
Кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышкан, олуттуу жабыркагандар жок. Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Мекеме аталган компаниянын учактарынын баарын убактылуу токтоткон.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат. (ErN)