Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү

Омск облусу Украинанын чек арасынан дээрлик 2500-2700 чакырым алыстыкта, Сибирдин тереңинде жайгашкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн аймагынан Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү инфраструктуралык объекттерге дрондор учурулган деген маалыматтарды "негизсиз жалаа" деп атады.

Бул тууралуу мекеме Tengrinews.kz порталынын суроосуна берген жообунда билдирди.

"Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган ырастоолор чындыкка дал келбейт жана эч кандай маалыматтар же фактылар менен ырасталбайт деп жоопкерчиликтүү түрдө билдирет. Биз мындай жарыяларды Казакстан менен Орусиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайында ийгиликтүү өнүгүп жаткан салттуу достук мамилелердин мүнөзүн бурмалоого багытталган негизсиз инсинуация катары баалайбыз", - деп айтылат Tengrinews.kz агенттиги келтирген ТИМдин жообунда.

Министрлик муну менен катар Казакстан тышкы саясий мекемеси тең салмактуу жана жоопкерчиликтүү тышкы саясат жүргүзөрүн, эл аралык милдеттенмелерин аткара турганын жана башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпей турганын белгиледи.

"Казакстан Республикасы өзүнүн аймагы, аба мейкиндиги жана инфраструктурасы башка мамлекеттерге каршы багытталган аракеттерди ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес деген позицияны карманат", - деп кошумчалады ТИМ.

Ушул аптанын башында Омск облусуна дрондордун чабуулунан кийин, Орусиянын медиа мейкиндигинде "чабуулга Казакстандын тиешеси болушу мүмкүн" деген божомолдор тараган. Мындай макалалардын авторлору өз жоромолдорун аймакка Казакстандын географиялык жактан жакындыгы менен негиздешкен.

Чабуулдардын натыйжасында Орусиядагы Омск мунай кайра иштетүүчү заводу талкаланып, ишин токтотту. Reuters агенттигинин маалыматында, мунайды алгачкы кайра иштетүүчү эки курулма зыян тарткан. Омск мунай кайра иштетүүчү заводу Санкт-Петербург товардык-чийки зат биржасында бензиндин жана дизель майынын дүң партияларын сатууну токтотту.

Завод өндүргөн күйүүчү майын сыртка экспорттоп турган, анын негизги кардарларынын бири Кыргызстан. Бишкек ушу тапта бир катар мамлекеттер менен кара май алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Дагы караңыз

Украина Patriot чыгарып, согушта жеңе алабы? Эксперттердин эки ача пикириАгартуу министрлиги Ысык-Көлдө окуучунун сабалышы иликтенип жатканын билдирди"Балама шашып келаткам, аз жерден калдык". TezJet'тин төрт учагынын иши токтоду