Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Балама шашып келаткам, аз жерден калдык". TezJet'тин төрт учагынын иши токтоду

"Манас" аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet компаниясынын учагы. 7-июль, 2026-жыл.
"Манас" аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet компаниясынын учагы. 7-июль, 2026-жыл.

"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылгандан кийин атайын комиссия териштирүү иштерин жүргүзүүдө. TezJet авиакомпаниясынын негиздөөчүсү Алымбек Бактыбеков кырсыкты техникалык мүчүлүштүк катары баалады.

Учак учуу тилкесинде кырсыкка кабылганына байланыштуу "Манас" аэропортуна коно турган онго чукул учак Ошко, Алматыга жана Чымкентке конууга аргасыз болгон.

7-июлда түштөн кийин Бишкектеги "Манас" аэропортунан Ошко учардын алдында TezJet авиакомпаниясынын учагы аэропорттун учуу тилкесинде кырсыкка учураган.

Ошол учурда бортто 181 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Учакта бараткандардын бири Уланбек Тажибаев заарыл иштери менен Ошко жөнөп, учак кырсыкка кабылгандагы окуяны "Азаттыкка" айтып берди.

"Биз 15:40та учушубуз керек эле. Баарыбыз каттоодон өтүп, учакка жайгаштык. Учак жүрүп барып, кайра кайрылып учууга камынып жаткан. Ылдамдыгын күчөтүп, абага көтөрүлөргө аз калганда кайра түшүп кетти. Же дөңгөлөгү жарылды, же бир ыптасындагы канаты тийип калды. Ичиндеги адамдар чочулап, күйүп кетпесек экен деген коркунуч болду. Кошумча эшигин да араң ачышты. Кудайга шүгүр, бир өлүмдөн калдык. Менин көз алдымдан үй-бүлөм өттү. Бүгүн балам операция болмок, ошого шашып келе жаткан элем".

"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды
"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы каттамдарды аткарган учактардын коопсуздугу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлүп, авиация тармагына карата сын-пикирлер айтыла баштады. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырсык боюнча иликтөө башталганын кабарлады.

Канат Төлөгөнов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары
Канат Төлөгөнов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

"Биз азыр кырсыктын эмне себептен болгонун өзүбүз тактап алалы. Кошумча текшерүү жана иликтөө жүргүзүлөт", - деди Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов.

Кырсыктын кесепетинен “Манас” аэропортунун учуу тилкеси бир нече саатка ишин токтотуп, пландалган каттамдар жылдырылды.

Москвадан Бишкекке учкан учактар Ош аэропортуна, Новосибирскиден келе жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган учак Алматыга конгон.

Түркиядан жана Бакудан жүк ташып келе жаткан учактар Чымкентке жана Алматыга конууга аргасыз болуп, дагы бир нече учак убактылуу кармалганы кабарланган. Ошентип, бул кырсыктан кийин 8-июнда күндүзгү саат ондон тартып аэропорт толук кандуу иштей баштаганы маалымдалды.

Жарандык авиация кызматы учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында TezJet авиакомпаниясынын бардык аба кемелерин текшерүү үчүн анын төрт учагынын ишин убактылуу токтотконун билдирди.

"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды
"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды

TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан тартып жүргүнчү ташый баштаган. Компания Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко каттамдарды аткарат. Жай мезгилинде Тамчы–Жалал-Абад жана Тамчы–Ош багыттарында да учат.

Компаниянын McDonnell Douglas MD-83 жана Avro RJ85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Алардын баары 1996–1997-жылдары чыгарылган.
Учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон кайтып келе элек. Авиапорталдардагы маалыматтарга ылайык, ал учак азыркы учурда ошол жакта техникалык тейлөөдөн өтүп жатат.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, TezJet жеке компаниясы 2023-жылдын октябрь айында АККА группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектей баштаган. Ага чейин компанияны кыргызстандык Алик Аскаров башкарып келген.

TezJet авиакомпаниясынын негиздөөчүсү катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Сыдыков айтылып келген. Анын уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алымбек Бактыбеков бул компанияга ээлик кыларын айтты. Учактын кырсыкка кабылганы боюнча мындай деп комментарий берди:

Алымбек Бактыбеков
Алымбек Бактыбеков

"Эми өзүңүздөр билесиздер, техника ар кандай болот экен. Атайлап кылган жокпуз. Азыр териштирүү бүтүп, жыйынтыгы чыксын. Бул кечээ кырсыкка кабылган учак ушул жылдын башында Болгарияга барып, ошол жакта оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Мындай техникалык тейлөө ар бир 15–16 айда жүргүзүлүп турат".

"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды
"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды


Бирок соңку кырсыктан кийин өлкөдөгү учактардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду.

Бул тармакта бир топ жыл иштеген транспорт министринин мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов учактардын коопсуздугун текшерген адистердин тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурууга чакырып жатат.

Максатбек Дыйканов
Максатбек Дыйканов

"Мен ушул тармакты көзөмөлдөп жүргөн киши катары айтып коюшум керек, өтө тажрыйбалуу адистерди алып иштетиш керек. Бул жакка сырттан же башка тармакта иштеп келип кирген адамдар туура келбейт. Ошондуктан жалаң гана өз ишин мыкты билген адистер иштеп, талаптар абдан катуу болушу керек. Мен өкмөттү да чакырып кетет элем. Биз тоолуу аймак болгонубуздан кийин жарандык авиация тармагына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Жаңы учактар абдан кымбат, бирок 10–15 жыл мурда чыгарылган, техникалык жактан жакшы абалдагы учактарды алышыбыз керек. Мына, мамлекеттин экономикасы өсүп, бюджети көбөйдү деп ойлойм."

Жарандык авиация боюнча дагы бир эксперт Курманбек Акышов өлкөдөгү учактарды жыл сайын чет өлкөлөрдө толук техникалык кароодон өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Курманбек Акышов Жарандык авиация боюнча дагы бир эксперт
Курманбек Акышов Жарандык авиация боюнча дагы бир эксперт

"Учактарга жылдык учууга сертификат алгандан кийин гана учууга уруксат берилет. Бул текшерүү бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөттө жүргүзүлүп турат. Ошол сертификат алынгандан кийин учакка 100 пайыз кепилдик берилет. Ал эми кечээги окуяны айта турган болсок, бул инцидент болуп эсептелет. Авиация тарабынан атайын комиссия түзүлүп, окуя толук иликтенип бүткөндөн кийин гана эмне болгону белгилүү болот."

Туура бир ай мурда, 8-июнда Кыргызстан авиация коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарылганы белгилүү болгон. Апрель айында ички каттамдарды аткарган "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясына тиешелүү учактын ичинде жүргүнчүлөргө кычкылтек жетишсиз болуп, учуп бара жаткан айрым ымыркайлар эсин жоготконун жүргүнчүлөр айтып чыгышкан. Бирок ал окуя олуттуу коркунуч катары кабыл алынган эмес.

"Бир өлүмдөн калдык". TezJet компаниясынын учактары текшерилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG