Тажикстандын бийлиги Орусияда мунайды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгенине байланыштуу авиациялык күйүүчү май сатып алуу боюнча Казакстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Хабибулло Назарзодага таянып "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.
8-июлда өткөн маалымат жыйынында Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинде авиация тармагын күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды.
Авиакеросин маселеси экспортко Москва быйыл 1-июндан 30-ноябрга чейин тыюу салгандан кийин курчуду. Орусия Тажикстанга мунай продуктуларын жеткирген негизги өлкө болуп саналат. 2025-жылы жеткирилген товардын көлөмү 1,2 миллион тоннадан ашкан.
Орусиянын чектөөсүнө ички рыноктогу күйүүчү май тартыштыгы жана баалардын өсүшү себеп болгон. Буга Орусияда мунай иштетүүчү заводдорго украиналык дрон чабуулдары себеп болду.
Хабибулло Назарзоданын айтымында, Тажикстандын күйүүчү май тармагындагы компаниялары бир жумадан бери кошумча камсыздоо булактарын издеп жатышат.
Жарандык авиация агенттиги өлкөдө учурда канча көлөмдө авиакеросиндин запасы бар экенин тактаган жок.
Буга чейин Тажикстандын Энергетика министрлиги өлкөдө болжол менен 60 миң тонна авиакеросиндин запасы бар экенин билдирген. Министрликтин баамында, бул көлөм ички муктаждыктарды ноябрь айынын аягына чейин камсыздоого жетет.
Өлкөнүн аэропортторуна күйүүчү май жеткирүүнү учурда үч коммерциялык компания ишке ашырат, анын бенефициарлары ачык айтылбайт.
Тажикстандагы учактарды тейлөө кызматтарынын кымбаттыгы эл аралык авиакомпаниялар тарабынан байма-бай сынга алынат. Маселен, Түркиянын Дүйшөмбүдөгү элчилиги баалардагы олуттуу айырмачылыкка көңүл бурган. Алардын маалыматына ылайык, Дүйшөмбүдөгү аэропортто чет элдик авиакомпаниялар (анын ичинде Turkish Airlines) бир тонна авиакеросинди 1780 долларга чейин сатып алышса, Стамбулда тажик авиакомпаниялары ошол эле көлөмдөгү күйүүчү майды 930 долларга алышат. Жеткирүүчү компаниялар баанын кымбаттыгын күйүүчү май импорттоодогу логистикалык чыгымдар менен түшүндүрүшөт.