"Асман Эйрлайнс" учагы кабылган окуяны комментарийлеп, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады

"Асман Эйрлайнс" компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Асман Эйрлайнс" компаниясы 9-июлда өз учагы кабылган окуя жөнүндө расмий түшүндүрмө берди. Ишкана атайын маалыматында аны штаттык техникалык кырдаал катары чечмелеп, мүчүлүштүктүн өзүн “техникалык индикация” деп атады.

“Бүгүн, 9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Бишкек-Раззаков багыты боюнча MN61 каттамын аткарууда учактын экипажы техникалык индикацияны фиксация кылышкан. Транспортту өндүрүүчүнүн талаптарына ылайык бул жагдай учуунун коопсуздугун камсыздоо үчүн каралган стандарттык процедураларды аткарууну талап кылат. Авиакомпаниянын жана Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунун бардык кызматтары тиешелүү ченемдердин жана иш-чаралардын негизинде аракет көрүп, өз ара байланышты жана координацияны камсыз кылышты. Аэропорт мындай техникалык индикация чыккан учурда белгиленген бардык сервистерди жана кызматтарды алдын ала даярдыкка келтирди, бул кадыресе көрүнүш. Авиакомпания үчүн жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу артыкчылыкка ээ. "Асман Эйрлайнс" жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алганы үчүң жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирет жана кечирим сурайт”, – деп айтылат маалыматта.

Техникалык индикация – бул учактын жабдуулар панелинин, датчиктердин жана башка навигациялык тутумдардын кайсы бир нерселер иштебей калганы же мүчүлүштүктөр жөнүндө берген эскертүү сигналы. Муну автоунаалардагы Check Engine (кыймылдаткычты текшер) сигнализатору менен салыштырууга болот.

9-июлда эртең менен Раззаков шаарына учуп барган "Асман Эйрлайнс" аба компаниясынын учагы техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болгон. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы борт учуп-конуу тилкесине кадимкидей конгонун, мүчүлүштүктөргө байланыштуу андан ары учакты сүйрөгүч сүйрөп, токтотмо жайга жеткиргенин, ошол себептүү борборго кайра учуп келгенин тактаган.

Быйыл апрель айында да "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясына тиешелүү учактын ичинде жүргүнчүлөргө кычкылтек жетишсиз болуп, учуп бара жаткан айрым ымыркайлар эсин жоготконун жүргүнчүлөр айтып чыгышкан.

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компания жана 2023-жылы негизделген мамлекеттик компания. Ал 2024-жылы ички каттамдарда ишин баштап, улам-улам жаңы учактарды сатып алып келатат.

Кыргызстандагы башка бир авиакомпания – TezJet жеке менчик ишканасынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулаган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.

Кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышкан, олуттуу жабыркагандар жок. Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Мекеме аталган компаниянын учактарынын баарын убактылуу токтоткон. (ErN)

Дагы караңыз

Орунтаев Ош мэриясынын карызы 3 млрд сомго жакын экенин билдирди