Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Орусия Федерациясынын Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Александр Прокопьевге Алтайда Манастын эстелигин тургузууну сунуштады.
Бул тууралуу Койчиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Алтай жергесинде Манас Атага эстелик тургузуу сунушун айттым. Алтай Республикасынын өкмөт башчысы Александр Прокопьев макул. Кол алыштык. Бул ишти Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында аткаралы дедик, анткени Чыңгыз Айтматов "Манасты" аздектеген, андан шык алган. Манас Атанын эстелигин жасоо эл аралык сынак аркылуу жүргүзүлсө, ага Даши Намдаков, Андрей Осташов сындуу замандын таланттуу скульпторлору да катышса деген пикирди билдирдим”, – деди Арслан Койчиев.
Манастын эстелиги Орусиянын Москва шаарында да бар. Анын курулушуна 2007-жылы старт берилип, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган.
Манастын эстелиги акыркы жылдары мындан башка да өлкөлөрдө коюлду. Анын ичинде 2017-жылы Түркиянын Стамбул шаарында, 2021-жылы Анкара шаарында тургузулду.
2021-жылы Казакстандын Астана шаарында Айкөл Манас айкелинин ачылышына старт берилип, 2024-жылы анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышкан.
Кыргызстандын өзүндө Бишкекте бир нече жерде, Ошто, Таласта жана башка аймактардын баарында Манастын эстелиги бар. Мурдараак Ала-Тоо аянтында 2011-жылы салынган Манастын эстелиги (автору Базарбек Сыдыков) 2025-жылы Айкөл Манас эстелиги (автору Тамила Маматова) менен алмаштырылганы талкууларды жараткан. (ErN)