Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги учагы кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясы кабылган инцидентти иликтеп чыгып, компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзам менен белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу Жарандык авиация мамлекттик агенттиги үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат", – деп айтылат маалыматта.
TezJet жеке менчик ишканасынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулаган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.
Кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышкан, олуттуу жабыркагандар болгон жок.
Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кырсыктаган учак ошо күнү түнү менен учуп-конуу тилкесинен алынып, аба каттамдары 8-июлда жанданды. Мекеме аталган компаниянын учактарынын баарын убактылуу токтоткон жан башка бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштаган.
9-июлда эртең менен Раззаков шаарына учуп барган "Асман Эйрлайнс" (Asman Airlines) аба компаниясынын учагы техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болгон. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы борт учуп-конуу тилкесине кадимкидей конгонун, мүчүлүштүктөргө байланыштуу андан ары учакты сүйрөгүч сүйрөп, токтотмо жайга жеткиргенин, ошол себептүү борборго кайра учуп келгенин тактаган.
"Асман Эйрлайнс" компаниясы өз учагы кабылган окуя жөнүндө расмий түшүндүрмө берип, аны штаттык техникалык кырдаал катары чечмелеген. Компания мүчүлүштүктүн өзүн “техникалык индикация” (жабдуулар панели кайсы бир нерселер иштебей калганы жөнүндө берген эскертүү сигналы) деп атаган.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарып келген.
Кыргызстанда жалпы 21 авиакомпания катталган. Алардын ичинен TezJet, Asman Airlines, Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Sky Fru, Air KG, Aerostan компанияларынын лицензиялары күчүндө болчу. Ккалгандарынын лицензиялары буга чейин жокко чыгарылган же убактылуу токтотулган. (ErN)
Шерине