Өкмөт Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташып келүү жолдорун карады

Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. 13-июль, 2026-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйында күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, мунай жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунайды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын 7-июлда “Азаттыкка” билдирген. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Казакстан менен Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алганы, Ташкент оң жооп бергенин 8-июлда журналисттерге айткан.

Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштыгы жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.

Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)

Дагы караңыз

Жапырт кармалгандардын иши: Султанбеков ачык кароону талап кылды, Атамбаев кыйноого кабылганын айттыФранция Украинага кыргын салуучу учактарды жана курал-жарак чыгарууга лицензия беретЖАМК Алга Кылычовдун айып изоляторуна киргизилген себебин айтты