“Чек арада жер алмашканда үйсүз калдым”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталган соң эки өлкө ортосундагы жер алмашуу айрым тургундардын тагдырына да таасирин тийгизди. Баткендин Лейлек районунун тургуну Ыхыбал Абдувалиева жер алмашуудан улам үй-жайсыз калганын айтууда. Анын айтымында, Кайрагач участкасындагы төрт бөлмөлүү үйү мурда Тажикстандын балансында болуп, кийин кыргыз тарапка өткөрүлгөн. Бирок ал кыргыз жараны болгонуна карабай өзү үйгө ээлик кыла албай калганын билдирет. Учурда ал Бишкекте батирде жашап, күнүмдүк тиричилигин “Дордой” базарында картон куту терүү менен өткөрүп келет.#azattykproject2026