Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун ишин кароону улантты

Имамидин Ташов соттук отурумда. 16-июль, 2026-жыл.

16-июлда Бишкек шаардык соту абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароону улантты. Бул тууралуу отурумга катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Жараян ачык өтүүдө. Бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти"Аша чапкандык болуп жатканын айтты". Аскат Жетигендин каты, абак мекемесинин жообу "Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашканда үйсүз калдым". Лейлектик тургундун арызы, бийликтин жообу “Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты