Ташиев шайлоого барбай турганын, Жапаровду колдоорун билдирди

Коллаж сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирди. Ташиевдин мындай билдирүүсүн анын тарапташы Өткүрбек Рахманов 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, - деп жазган Ташиев.

Ал коомчулукта өзүнүн атын жамынып, бүлүк салууга аракет кылгандар бар экенин белгилеп, аларга ишенбөөгө чакырды.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген.

Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

  • 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
  • 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
  • Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.
  • Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
  • “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.

Дагы караңыз

Киевге ракета, Харьковго дрон менен чабуул коюлдуОрусияда аскердик аэродром бутага алынып, өрт тутандыФутбол: Дүйнө чемпионатынын финалында Испания менен Аргентина беттешетБишкекте 18 компаниянын курулуш объектисинде жумуш убактылуу токтотулду