Украинанын бир катар шаарларында 16-июлда коргоо министри Михаил Федоровдун кызматтан алынышына каршы нааразылык акциялары өттү.
Киевде жүздөгөн адам президенттик администрациянын жанындагы Иван Франко атындагы театрдын алдына чогулуп, «Баарын көрүп турабыз, баарын көзөмөлдөп жатабыз» деген ураан алдында акция өткөрүштү.
Ушундай эле митингдер Львов, Харьков, Одесса, Днепр, Черновцы жана башка шаарларда да уюштурулду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Украинанын президенти Владимир Зеленский Федоровдун кызматтан кетишине анын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский менен согуш жүргүзүү боюнча көз караштарынын айырмачылыгы себеп болгонун билдирген.
Коргоо министри кызматына ички иштер министри Игорь Клименкону дайындоо сунушталууда.
38 жаштагы Михаил Федоров Коргоо министрлигинин башына январь айында дайындалган. Ага чейин ал Украинанын санариптик трансформация министри болуп иштеп, армиядагы технологиялык өзгөрүүлөрдү жана учкучсуз учактарды өнүктүрүү долбоорлорун жетектеген.
Украиналык басылмалар аны өлкөнүн дрон программасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон жетекчилердин бири катары мүнөздөшөт.
Федоров кызматтан алынгандан кийин Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысынын орун басары Павел Елизаров дагы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.