Bloomberg: Орус байлары миллиарддаган долларын чет өлкөгө чыгарып кетишти

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир жыл ичинде Орусиянын эң бай жарандарынын айрымдары, анын ичинде президент Владимир Путинге жакын делген ишкерлер миллиарддаган долларлык активдерин чет өлкөгө чыгарып кетишти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, соңку мезгилде орус элитасынын арасында өкмөт алардын мүлкүн конфискациялап алышы мүмкүн деген тынчсыздануу күчөдү. Буга бир нече мисал себеп болгон.

Бай ишкерлер өз капиталын жоготуп алуу коркунучу жана өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлашы тууралуу көбүрөөк кооптонуп жатышканы айтылат.

Bloomberg бул маалыматты алты бай орусиялык жана бир катар миллиардердин маанайынан кабардар адамдар менен болгон маектерге таянып жарыялады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, акыркы айларда айрым миллиардерлер банк секторундагы мүмкүн болгон тобокелдиктерден чочулап, кошумча активдерин да Орусиядан чыгарышкан.

Бул маалымат корпоративдик отчеттор, кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөр жана башка документтер менен да ырасталганы белгиленет.

Bloomberg'дин баамында, жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган капиталдын көлөмү ондогон миллиард долларга жеткен. Санкциялар жана согуштан улам жаралган кыйынчылыктарга карабастан көптөгөн бай орусиялыктар чет өлкөлөрдөн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышат.

Дагы караңыз

АКШ Ирандын түштүк аймагына сокку урдуУрустемованын өлүмү: Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою кесилдиТажикстан, Иран жана "Талибан" Ооганстан аркылуу транзиттик коридор ачууну макулдашты