Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери Кыргызстанда гендердик иденттүүлүккө жана аны билдирүүгө чектөө киргизген мыйзам долбоорунун алдыга жылышына тынчсыздануусун билдиришти.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы 17-июлда тараткан билдирүүдө эксперттер мыйзам долбоору трансгендер жана гендердик иденттүүлүгү ар түрдүү адамдарга карата басмырлоону мыйзамдаштырып, алардын негизги укуктары менен эркиндиктерине доо кетириши мүмкүн экенин эскертишкен.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште июнь айында биринчи окууда кабыл алынган.
Мыйзам долбоору кабыл алынса жарандык актыларда жана расмий документтерде жынысын өзгөртүүгө, ошондой өзгөрүүгө байланышкан медициналык кийлигишүүлөргө тыюу салынат.
Ата-энелерге балдарын төрөлгөндө аныкталган жынысына ылайык тарбиялоо милдети да жүктөлөт.
БУУнун эксперттери сунушталган өзгөртүүлөр Кыргызстандын Конституциясына жана адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгилешти.
«Бул өзгөртүүлөр гендердик теңчилик принцибин, жеке жашоого, саламаттык сактоого жана билим алууга болгон укуктарды, өз иденттүүлүгүн билдирүү, сөз эркиндиги, тынч жыйын өткөрүү жана биригүү эркиндиктерин бузат», — деп айтылат билдирүүдө.
Эксперттер мыйзам долбоорунун авторлору келтирген жүйөлөргө макул эмес. Алардын пикиринде, гендердик ар түрдүүлүктү таануу демографиялык саясатка, улуттук коопсуздукка же туруктуу өнүгүүгө зыян келтирерин ырастаган далилдер жок.
«Трансгендер жана гендердик иденттүүлүгү ар түрдүү адамдардан чочулоо же аларды моралдык жактан жактырбоо адам укуктарын чектөөгө мыйзамдуу негиз боло албайт», — дешти эксперттер.
БУУнун эксперттери Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорун чакыртып алууга жана мындан кийинки мыйзамдарда Кыргызстандын ички жана эл аралык адам укуктары боюнча милдеттенмелерин сактоого чакырышты.
Буга чейин Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстанда ушу тапта каралып жаткан мыйзам долбоору трансгендер адамдардын укуктарын олуттуу чектей турганын билдирген.
Азырынча мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын бийлиги жана демилгечилери эл аралык уюмдардын тынчсызданууларына комментарий бере элек.