Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин ипотекалык үйлөргө байланыштуу сөзүндө жарандардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтканын сынга алды. Касымалиев бул жөнүндө өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында айтты.
“Нурдан Орунтаевдин “Ачык кабинет” долбооруна катышкан күнү мыкты, ачык уюштурулган. Бирок бир гана сөзү бүтүндөй оң таасирди жокко чыгарды. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча курулган унаа токтотуу жайларынын жетишсиздиги тууралуу журналисттин суроосуна, Нурдан Кемелович, “мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары, адегенде насыясын төлөп бүтүп, анан автоунаа сатып алышы керек” деп жооп берди. Бул такыр эле коомдук пикирди аңдоонун жоктугу жана олдоксон сөз. Биздин жарандар турак жайга жылдап акча топтоп, насыя алып, күнү-түнү иштеп жатышат. Ал эми министр аларга качан машине сатып алуу керектигин үйрөтүп жаткандай болууда. Бул билдирүү бүтүндөй аткаруу бийлигине чоң резонанс жана катуу сынды жаратты. Мындай сабатсыздыкка жол берилбеши керек. Ар бириңерден мына ушул нерседен сабак алууңарды талап кылам”, – деди Адылбек Касымалиев.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 9-июлда өкмөт мүчөлөрүнүн бир күндүк ишин көрсөтүү өнөктүгүнүн алкагында маек куруп жатканда журналисттердин бири “Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөргө автоунаа коюучу жайлар курулбай жатат” деген. Министр “МИКтин негизги милдети парковка менен камсыздоо эмес, жарандарды үй менен камсыздоо экенин” айткан. “Баарыбыз машинеде жүргүбүз келет, бирок адегенде батир үчүн насыяны төлөп, анан машине алалы” деген Орунтаев.
Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети быйыл май айынан тартып “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбооруна старт берген. Анын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өзү да, башка министрлер, облус, шаар жана башка аймак башчылары журналисттерди бир күн кечке иши менен тааныштырып, түрдүү суроолоруна жооп берүүдө. Аткаминерлер иш ордун, жумушун көрсөтүп, маянасын ачыктап, башка да суроолоруна жооп берүүдө. (ErN)
Шерине