АКШнын Огайо штатында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына байланыштуу айыпталган Өзбекстандын жараны Бекзод Асраров күрөөгө бошотулду. Ага электрондук билерик тагылды.
Соттук угууда Асраровдун адвокаты анын кардары Кошмо Штаттарда мыйзамдуу негизде жашай турганын, туруктуу жашаган жери бар экенин жана буга чейин Америкада да, Өзбекстанда да соттолбогонун билдирди. Андан соң мамлекеттик айыптоочулар аны күрөөгө бошотууга каршы болгон жок.
Ошол эле учурда прокурорлор жол кырсыгы боюнча толук тергөө аяктагандан кийин айыптоолор дагы кеңейтилиши мүмкүн экенин билдиришти.
42 жаштагы Бекзод Асраров 5-июлда Огайо штатында болгон кырсыктан кийин кармалган. Америкалык медианын маалыматына караганда, ал жүк ташуучу унаа айдап баратып Honda үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны Массачусетс университетинин хоккей командасынын дарбазачысы, 21 жаштагы Тобиас Форсайт айдап бара жаткан. Ал кырсык болгон жерде каза тапкан.
Асраровго далилдерди бурмалоого байланыштуу айып коюлган. Медианын маалыматына караганда, кырсыктан кийин ал видеокаттагычты чечип алып, чөнтөгүнө салып койгон.
Бекзод Асраров АКШга Diversity Visa, башкача айтканда, Green Card лотереясы аркылуу барган. Коммерциялык унаа айдоого уруксат берген CDL күбөлүгүн Огайо штатынан алган.
Бул акыркы айларда АКШда Борбор Азиядан барган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары катышкан адам өлүмү менен коштолгон жалгыз кырсык эмес.
Буга чейин Индиана штатынын Жей округунун прокуратурасы Кыргызстандын жараны Бекжан Бейшекеевге каршы төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча айып таккан. Тергөө маалыматына ылайык, кырсык 2026-жылдын 3-февралында болгон. Бейшекеев айдап бараткан Freightliner үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Chevrolet үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алган. Кыргыз жаранына этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү жана оор жаракат келтирүү өңдүү жети берене боюнча айып тагылган.
Бул иш боюнча камакка алуу ордери чыгарылган. Америкалык FOX59 телеканалынын маалыматына караганда, Бейшекеев ага чейин АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) ордеринин негизинде кармалган.
Маалыматтарга караганда, Бейшекеев 28,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал Жей округунун тергөө абагында кармалууда. Аны күрөөгө бошотуу үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө кепилдик суммасы белгиленген.
Шерине