Орусиянын аскерлери 19-июль күнү күндүз Запорожье шаарына бир нече авиациялык бомба менен сокку урду. Чабуулдардын бири беш кабаттуу турак үйгө тийип, анын эки кабаты талкаланганын Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
Кеминде үч адам каза болду. Акыркы маалыматтар боюнча жараат алгандар 47ге жетти. Куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.
Шаарда ошондой эле тогуз кабаттуу турак үйдүн терезелери менен балкондору жабыркап, жер тамдар жайгашкан аймакта кыйроолор катталган. Мындан тышкары, логистикалык борбордун терминалында өрт чыккан.
Буга чейин Харьков облусунун администрациясынын башчысы Олег Синегубов 19-июлда Харьков шаарынын четиндеги почта терминалына соккудан төрт адам каза болгонун билдирген.