Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда кампадагы өрт учурунда жабыркагандардын арасынан кыргызстандыктарды тактоо иштери уланууда.
“Элчилик тактоо иштерин улантып жатат. Элчиликке, документтери күйүп кеткен айрым жарандар кайрылышты”.
Кулукеева канча кыргызстандык жаран кайрылганын тактаган жок. Так маалымат кийинчерээк берилмекчи.
18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген.
Акыркы маалымат боюнча Электросталда 61 адам жабыркаган, бири оорукада набыт болгон. Котовск шаарында түнкү кезметте иштеген жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаган. Жалпы сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.
Белгилүү болгондой, Электросталдын өзүндө көп кыргыз жарандары иштейт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин өрттө документтеринен айрылган жарандарды элчиликке кайрылууга чакырган.
Москвадагы элчилик өрт каптаган кампаларда набыт болгондор тууралуу расмий тастыкталган маалыматта кыргыз жарандары жоктугун билдирген. Жеңил жаракат алган 21 жаштагы Ж. уулу А. ооруканага жаткырылып, абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.
Буга чейин кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны О.А. дайынсыз экени тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, телефону өчүп калганын айткан.
Социалдык медиада тараган видеолордун биринде кыргызча сүйлөгөн эркек киши "аялы кампадан чыга албай калганын" айтып жатканын угууга болот.
ТИМ Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирди.
Элчиликке өрт каптаган жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан ажыраган эки кыргыз жараны кайрылганы, аларга мекенге кайтуу күбөлүгү берилгени расмий маалыматта айтылат.
Консулдук-укуктук жардам алуу үчүн кыргыз жарандары Москвадагы Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууга тийиш.
"Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын тиешелүү органдары менен кызматташууда. Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты дагы тактоодо", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Буга чейин Электросталдагы өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар ичкери кире албай турганы белгилүү болгон.
18-июлда элчиликтин кызматкерлери жеринен кабар алуу үчүн Электросталь шаарына барганы кабарланган.
Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объектилерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирген.
Ишембинин кечинде "Твердый знак Тамбов" Телеграм каналы дрон соккусунан кийин Котовскидеги Wildberries кампасынан 55 кишинин сөөгү чыгарылганын жазды. Басылма күбөлөрдүн айткандарына таянган.
"Мага сиңдим чала баштагандан кийин ал жакка бардык. Шлагбаум көтөрүлүп калыптыр. Биз ал жакка жеткенде унаа токтотуучу жайдан осколкаларды көрдүк, адамдардын сөөктөрү жатыптыр. Ал жерден ондон ашуун кишинин сөөгүн көрдүк, туш тарап кан. Баары блоктордон чыкканга үлгүргөн жок деп кыйкырып жатышты. Балдардын бири дрондордон тышкары абадан коргонуу системасынын соккусу блокторго түшкөнүн айтты, анткени алар бутага тийбей калышкан. Ал жерде каза болгондор менен жабыркагандар жетиден канча көп. Биз машинебиз менен төрт адамды алып кеттик", – деп билдирген окуянын күбөлөрүнүн бири.
Кийинчерээк жергиликтүү Саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты четке каккан билдирүү таратты.
Шерине