Wildberries жабыркаган ишкерлерге кенемте төлөө маселесин карап жатканын билдирди

Электросталь шаары. Wildberries компаниясынын кампасы өрттөнүүдө.

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким логистикалык борборлордогу өрттөн жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөө маселеси каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Telegram каналында жазып, Электросталь жана Котовск шаарларындагы кампалардагы окуялардан кийин компания сатуучуларга каржылык колдоо көрсөтүү жолдорун карап жатканын айтты.

«Товарлар боюнча кенемте маселесин карап жатабыз. Жакын арада сатуучуларга төлөм, колдоо чаралары жана аларды алуу тартиби тууралуу маалымат беребиз», - деди Ким.

Ошондой эле ал Электросталь жана Котовск шаарларындагы логистикалык борборлордо жабыркаган адамдардын жакындарына жана оор абалдагы кызматкерлерге компания жардам көрсөтөрүн кошумчалады. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2 миллион рубль, ал эми оор жаракат алгандарга ар бирине 1 миллион рубль төлөнөрүн айтты.

Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries кампалары дрон чабуулунан жабыркаган.

Кампаларда кыргызстандык ишкерлердин да кийим-кече жана башка товарлары сакталган. Айрым ишкерлер миллиондогон сомдук чыгымга учураганын билдиришкен.

Кыргызстандык сатуучулар Wildberries компаниясынан товары эмне болгону тууралуу так маалымат берип, келтирилген чыгымды жабууну талап кылып, кайрылуу жолдошкон.

Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы да кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн өкмөттөн жардам сурады. Ассоциациянын маалыматына караганда, айрым өндүрүүчүлөрдүн чыгымы 1 миллиондон 100 миллион рублга чейин жетиши мүмкүн.

Дагы караңыз

Энергетика министри Бишкек жана Чүйдө жарыктын өчүрүлүшүн керектөө кескин өскөнү менен түшүндүрдүЖапаров чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин билдирдиWildberries: Жабыркаган кыргыз ишкерлер өкмөткө кайрылдыОрусия - Армения: өрүк саясий тирештин куралына айланды