Бишкек–Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында сел түшүп, тазаланды

Бишкек–Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайына түшкөн сел жана аны тазалоо учуру.

Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында, Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын Казы-Жар тилкесинде жааган жамгырдын кесепетинен түшкөн сел тазаланды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Коктудан түшкөн таш аралаш суу 21-июль, кечки саат 18:00-19:00дө жолду каптаган.

Өкүлчүлүктөн такташкандай, окуядан жабыркагандар жок. Жол кырсыгы катталган эмес жана жол кыймылы үзгүлтүккө учураган жок.

Дубандын аймагындагы №23 Жол тейлөө ишканасынан (ЖТИ) бир автожүктөгүч тартылып, жолго түшкөн сел калдыктары тазаланды.

Интернетке тараган видеодон көрүнүп тургандай, сел жолду жарым-жартылай баскан. Машинелер таш суудан буйтап өтүп жатышканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында маалымдалгандай, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты.

Жарым жылда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган. (ErN)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдүн бир нече жеринде сел жүрдү: Суу жолду жеп, көпүрөнү алып кеттиАКШ Ирандагы бир нече объектиге чабуул койгонун маалымдадыОрусиянын дагы эки шаарында Wildberries кампалары бутага алынды Орунбековдун "кара тизмесине" кабылгандар сотко кайрылабы?