Амангелдиев кеминде 1,5 айга жете турган бензин бар экенин айтты

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай резерви бар. Бул тууралуу 22-июлда "Азаттыкка" Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди:

"Коомчулукта “Биз дайым эле Орусиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу?” деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте, бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо да толтуруу милдети турат. Кырдаал орчундай баштаганда 2-3 апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт. Максат – кеминде 2,5 айлык запасты топтоп коюу. Өкмөт бааны турукташтыруу, кенемте маселесин да карап жатат. АИ-95 менен АИ-92нин айырмасы адатта 1-2 сом эле болчу, азыр 10 сомдон ашты. Социалдык маанидеги товардын бири болгон дизель майы боюнча да иш жүрүүдө. Эгер бааларды эркин жүгүртүүгө койсок, АИ-95 бензини 120 сомдой, АИ-92 болсо 114 сом, ал эми дизель 150 сомдой болмок".

Амангелдиев күйүүчү-майлоочу майдын азыркы баасы накта чыгымына гана байланыштуу эмес маселе экенин, геосаясий окуялар жана Орусияда кайра иштетүүчү заводдор талкалангандыктан өтө чоң тартыштык пайда болгону себеп экенин белгиледи.

Орусия менен келишимдер бир жылга түзүлгөнүн айткан Амангелдиев, бирок, кырдаалдан улам орус тарап өзүнүн ички рыногун коргоо максатында башкаларга, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө да экспортко чыгарууга тыюу салганын кошумчалады.

Келерки жылга, өкмөт башчынын орун басары билдиргендей, Кыргызстан башка өнөктөштөр менен да иштешип, жаңы кубаттуулуктагы заводдорго кайрылып, туруктуу келишимдерге кол коюуга аракет кылат.

Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөткөнүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда билдирген. Министр буга чейин кабарлангандай Беларустан да күйүүчү-майлоочу май ташып келүү иштери жүрүп жатканын белгилеп, Орусия менен транзит маселеси чечилгенин айткан. Ал Өзбекстандан жана Казакстандан да оң жооп болгонун кайталаган.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдиги 20-июлдагы маалыматында орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Уюмдун президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде ал жактан дизел отуну анча-мынча көлөмдө келип жатканын, ал эми АИ-92, АИ-95, АИ-98, АИ-100 тобундагы бензини боюнча сунуштар жокко эсе экенин билдирген.

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 18-июль күнү кескин кымбаттап, 98 сомдон 109,9 сомго көтөрүлгөн. Ага чейин бензиндин бул түрү социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен чыгарылган эле.

Бир жылда Кыргызстан 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе адатта анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (TAb/ErN)

Дагы караңыз

Ташовдун иши: Шаардык сот ишкерди сегиз жыл абакка кести "Керектөө көбөйдү, жабдыктар эски". Аптап энергетиканын абалын көрсөттүЫсык-Көлдүн бир нече жеринде сел жүрдү: Суу жолду жеп, көпүрөнү алып кеттиБишкек–Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында сел түшүп, тазаланды