Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, алдыда күтүлүп жаткан объектти реконструкциялоо маселеси боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Свердлов районунун прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Кездешүүдө 1-августтан тартып базарды реконструкциялоо планы талкууланды. Мэриядан такташкандай, бул иштер шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү жана өнүктүрүү алкагында жүргүзүлөт. Ишкерлерге базардын айланасында жайгашкан жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.
Айбек Жунушалиев муниципалитет жүргүзүп жаткан иштер шаардын көрүнүшүн жаңылоого жана тартипти чыңдоого багытталганын белгиледи.
"Мадина" базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада көрктөндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары эч качан бузулбашы зарыл”, – деди калаа башчысы.
Жыйындын жыйынтыгында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, комиссия түзүүнү тапшырды.
Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Курамына ишкерлердин жети өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.
29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен. (ErN)