Германияга барган кыргызстандык 150дөй улан-кыз ара жолдо калганын айтып чыгышты

Медиса Жокиева чыгарган видеодон алынган скриншоттордун коллажы.

Жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей жатканын жана жатаканасынан чыгарылганы турганын айтып чыкты. Студенттердин кайрылуусун коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

Жокиеванын айтымында, алар Германияга Кыргызстандагы Samara Academy агенттиги аркылуу, ар бири 50 миң сомдон төлөп барышкан. Аталган өлкөгө барышкан соң агенттиктин ал жактагы өнөктөштөрү студенттерди жумушту өздөрү табышы керектигин айтышкан.

Улан-кыздар блогерге качкындарга ылайыкталган, жаман шарттагы имаратта жашап жатканына даттанышкан. Маалыматка караганда, жатакана ээлери аларды иш тапкан соң чыгып кетүүсүн талап кылуда.

Ара жолдо калганын айткан жаштар Кыргызстандын тиешелүү органдарына кайрылып, аларга жардам берип коюусун өтүнүшкөн.

Кыргызстандагы Samara Academy социалдык тармактардагы баракчасында бул боюнча түшүндүрмө берди. Компания жогорудагы маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирди. Ал улан-кыздардын алды жумушка чыкканын да кошумчалады.

Компаниянын өкүлү алардын Германиядагы өнөктөшү – Немис академиясы студенттерди кароосуз калтырбай турганын, өздөрү алардын маселеси оң жагына чечилгенге чейин көмөктөшөрүн маалымдды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Германиядагы кыргыз элчилиги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бардык маселе көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча маалыматтарды электрондук каттоо журналына каттап, учурда бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады. (ErN)

Дагы караңыз

ИИМ камактагы Шаирбек Ташиев тергөө абагына жеткириле электигин ырастады"Германияда качкындар лагеринде турабыз". Кыргызстандык ондогон улан-кыз көчөдө калдыЭмгек министрлиги: Германиядагы 130 кыргызстандыктын 50сү башка жумушка орношту