Украинада Орусиянын аткылоосунан бир нече киши каза тапты, 30дан ашууну жарадар

Украина. Сумы. Орусиянын соккусунан кийин тутанган өрттү өчүрүү аракети. 23-июль0, 2026-жыл

23-июлга оогон түнү Украинанын Запорожье облусунда Орусиянын аткылоосунан эки адам каза болду.

Запорожье облустук администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, Орусия аймакка дрондор, артиллерия менен жапырт сокку урду. Инфраструктуралык объектилер бузулган 78 учур катталды.

Харьков облусунда 11 адам жабыркаганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жардыргыч заттан эки киши каза болгон. 245 адам эвакуациялык пунктка жардам сурап кайрылган.

Херсон облусунда орус армиясынын чабуулунда бир адам каза болуп, дагы 20 адам жаракат алганын дубандын аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматына ылайык, ондогон калктуу конуштар соккуга кабылды. Жеке жана көп кабаттуу турак үйлөр, май куюучу жай жана айыл чарба техникасына зыян келтирилди.

Сумы облусунда орус аскерлери май куюучу жайлардын бирине сокку урган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт өз убагында өчүрүлгөнүн маалымдады.

Одесса шаарын аткылдоодо инфраструктуралык объектилер зыянга учурап, айрым жеке үйлөрдүн терезелери сынган. Курман болгондор жана жабыркагандар жок экенин шаардык администрациянын башчысы Сергей Лысак айтты.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия түнү "Искандер-М" баллистикалык ракетасын, бир нече канаттуу жана башкарылуучу ракеталарды, 154төн ашык дрон менен чабуул койду.

Дагы караңыз

Блогер Илияс Чыңгызбек уулу сынчыл маанайдагы ырдан кийин милицияга чакырылды Германияга барган кыргызстандык 150дөй улан-кыз ара жолдо калганын айтып чыгышты