Баткен шаарынын Сайдыман ажы көчөсүнө түшкөн сел тазаланып, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы кабарлады.
Кечээ 23-июлда, саат 19:30 чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен сел келип, аталган көчөдөгү көпүрөдөн суу ашып, ички жол каттамы убактылуу жабылып, кийин ачылган. Баткен электр тармактар ишканасынын короосуна сел суулары кирген. Тазалоо иштери уланууда.
23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин мындан сырткары Баткен жана Кадамжай райондорунун айрым айылдарында да сел жүрдү. Сел унаа жолдоруна, турак үйлөргө, короо-жайларга жана административдик имараттарга зыян келтирип, айрым унаа жолдорунда каттам убактылуу токтотулду. Ошондой эле кээ бир аймактарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Жаңы-Достук айылында сел агуучу сайга суу келип, бир үй-бүлө (беш киши) сайдан өтө албай эки сайдын ортосунда калып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу тобунан беш куткаруучу тартылып, жарандар коопсуз аймакка чыгарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында маалымдалгандай, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты.
Жарым жылда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган. (ErN)