Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды

Бишкек шаарында иштеген кытай жарандары. Иллюстрациялык сүрөт.

Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн соттордун чечимдеринин негизинде 450дөн ашуун чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу 24-июлда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Ошондой эле 39 адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылды.

Муну менен катар чет өлкөлүк жарандарды ишке тартуу менен алектенген бир катар уюмдарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик чара көрүлүп, тиешелүү айып пулдар чегерилди.

Милиция өз маалыматында мунун баары канча убакыттын ичинде болгонун тактаган жок.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери акыркы күндөрү 12 курулуш компаниясында 1500дөн ашуун чет өлкөлүк жаран менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анда иштегендердин басымдуу бөлүгүн Кытай Эл Республикасынын жарандары түзөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары, коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы, өлкөнүн каада-салттарын жана маданиятын урматтоо, ошондой эле укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик чаралары түшүндүрүлүүдө.

Укук бузууларды алдын алуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы көңүл ачуучу жайларда күн сайын саат 21:00дөн 02:00гө чейин ушул сыяктуу профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Соңку мезгилдери Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээлерин кармаганын кабарлады. Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалган.

Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстанда эмгектенип жаткан кытайлык жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын күчөткөн. (ErN)

Дагы караңыз

Баткенде бир шаар, эки райондо сел жүрдүОшто балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди"Инвестор акча салуудан мурун өлкөнүн кыйноого каршы саясатын карап чыгат""Кызым күйөөсүнөн катуу коркуп калыптыр". Токмокто аялын сабаган эркек камалды