Евробиримдик Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанкка" санкция салды

"ЭкоИсламикБанктын" эн белгиси.

Европа Биримдиги 23-июлда орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынын 21-топтомун жактырды. Жаңы чара банктарга, криптовалюталык түйүндөргө, мунай ташуучуларга, Орусиянын энергоресурстардан алып жаткан кирешесине каршы багытталган.

Санкциялардын жаңы пакетине 218 жак – 170 компания жана 48 адам киргизилди. Reuters агенттиги муну акыркы төрт жылдагы Евробиримдик кабыл алган санкциялардын эң ириси деп атады.

Жеке санкцияга илешкендердин катарында Орусиянын спорт министри Михаил Дегтярев, президентинин жардамчысы Владимир Мединский, "Газпром-Медианын" башчысы Александр Жаров жана башкалар бар.

Европа Кеңеши Орусиянын Финансылык маалыматтарды алмашуу системасына (“Система передачи финансовых сообщений”, СПФС) кошулган Кыргызстандын банкы – "ЭкоИсламикБанкка" да санкция салды. Аталган банкка акча которууларга тыюу салынды.

Санкциялардын 21-топтомунда Кыргызстанда катталган мындан башка да үч компания – "Нова проект", "Рама Групп", "Шисан" жоопкерчилиги чектелген коомдору "кара тизмеге" киргизилди.

Кыргызстандын бийлиги жана “ЭкоИсламикБанк” Евробиримдиктин чечими тууралуу билдирүү тарата элек.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргызстандын бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде төрт банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” санкцияга илешкен. “ЭкоИсламикБанкты” кошкондо беш банк болду.

АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 31 кыргызстандык компаниянын 15и санкциялык товарды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. Төрт компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, экөө Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешкен. Беш компания түздөн-түз криптовалюта чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.

Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеге” кирген.

Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47исинин аталышын аныктаган. (ErN)

Дагы караңыз

"Кызым күйөөсүнөн катуу коркуп калыптыр". Токмокто аялын сабаган эркек камалдыМиграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылдыБаткенде бир шаар, эки райондо сел жүрдүОшто балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди