Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна бөлүнгөн акчанын көбү уурдалганын айтты

Түндүк-Түштүк кошумча жолу.

Түндүк - Түштүк альтернативдүү жолуна алынган каражаттардын көбү уурдалып кеткен.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-июлда, Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде айтты.

"Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы - Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат. Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, - деген Садыр Жапаров.

Ал Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна салыштырмалуу Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу 1 км үчүн 955 миң доллар сарпталып, арзан түшкөнүн белгилеген.

Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече жолунун курулушу 2022-жылы башталган. Мындан тышкары жакында эле Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берилген.

Садыр Жапаровдун айтымында, жакында курулушу баштала турган Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолу келечекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жол коридоруна кошулат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзгөн.

Жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы 2022-жылы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыяларын жээктеп салынган жана анын 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. 2023-жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Жолду курууда акча уурдалганы Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарында бир канча жолу көтөрүлүп, депутаттык жаңы комиссия түзүү сунуштары айтылган.

Учурда жолдун бир катар аймактары таш кулаганга же табигый кырсыктарга байланыштуу маал-маалы менен убактылуу жабылып келет. (ST)

Дагы караңыз

Токаев Украинадагы согушту токтотуп, тынчтык сүйлөшүүсүнө кайтууну сунуштадыКыргызстанда жүк ташуулардын көлөмү 11 млн тоннага жеттиКочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушу башталат