Жакынкы жылдары Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушу башталат.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-июлда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде айтты.
Президенттин белгилешинче, стратегиялык долбоор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирет.
"Кара-Кече көмүр кенин өндүрүш борборлору менен байланыштырып, Кыргызстандын ички жүк ташууларын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт. Келечекте бул багыт дүйнөлүк мааниге ээ болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жол коридоруна кошулат", - деген Жапаров.
Мамлекет башчы Кочкор станциясына поезд менен келген. Узундугу 63 чакырым Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи баскычы.
Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, Кыргызстан бул темир жолду өз акчасына курган. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 километр тоо тилкеси тазаланган. Жолдун курулушуна 1 километр үчүн 955 миң АКШ доллары сарпталган.
Жапаров мисал ирети чет өлкөлүк компаниялар курулуш үчүн бир чакырымына 4,8 миллиондон 6,8 миллион доллар сунуштаганын айткан.
Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушуна 2022-жылдын 31-мартында старт берилген. (ST)
Шерине