Румыниянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы өлкөнүн аба мейкиндигинде дагы бир дронду атып түшүрдү. Бул бир жуманын ичинде жок кылынган үчүнчү дрон. Окуя Одессага жакын Сулина-Килия аймагындагы Румыниянын аймактык сууларынын үстүндө болду. Бул тууралуу Румыниянын президенти Никушор Дан X социалдык тармагына жазды. Ал Румыниянын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жаткан иликтөөгө ылайык, 24-июлда эртең менен атып түшүрүлгөн дронду Орусия Украинага каршы согушта колдонорун жазды. Бул маалыматтар Орусияга жөнөтүлө турган дипломатиялык нотанын негизин түзөт.
"Орусия Федерациясынын Румыниянын, ошол эле кезде НАТО менен Европа Биримдигинин да аба мейкиндигин бузууну улантышы жол берилгис жана мындай көрүнүшкө чыдоого болбойт. Мындай аракеттер кабыл алынгыс жана биз өнөктөштөрүбүз менен бирге муну өтө олуттуу кабыл алабыз", - деп жазды президент Дан.
Мурдараак өлкө башчысы 25-июлда эртең менен Сфынту-Георге шаарынан батышты көздөй ондогон чакырым алыста экинчи дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.
Бул окуядан кийин, 26-июлда Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырган.
Румынияда бир аптада үчүнчү жолу Орусиянын дрону атып түшүрүлдү
F-16 Кымпия-Турзий авиабазасында. Румыния, 19-апрель, 2024-жыл