Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде өндүрүш калдыктары жайытка тараганы аныкталды

Бучук тилкесиндеги өндүрүштүк калдыктарын тазалоо учуру. Сүрөт Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен алынды.

Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесинде өндүрүштүк калдыктар жайыт жерлерге тарагандыгы тууралуу маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 27-августта кабарлады.

Маалыматка караганда, өндүрүштүк калдыктар тазаланып, аймак толугу менен иретке келтирилди. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын кайталап бузууга жол бербөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүүдө экологиялык ченемдерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин аталган министрликке Бучукта пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүштүк калдыктары шамал аркылуу жайыт жерлерге тарагандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат тушкөн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги былтыр мартта Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесин кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасы быйыл иштетерин билдирген. Анда кытайлык компания завод куруп бүткөнү, Zhong Ji Mining Company ишканасынын негиздөөчүсү - China Gold ишканасы Бучуктан бир жылда 3,4 тонна алтын казууну пландап жатканын айтылган.

Zhong Ji Mining Company аталган кенди казууга лицензияны 2009-жылы эле алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундардын экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.

2019-жылдын августунда кытайлык компанияга нааразы болгон жүздөгөн жергиликтүү тургундар анын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан. Чыр чыгып, Кытайдын 47 жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Эки күндөн кийин өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Кытайлык ишкана лицензиясын 2022-жылы кайра алган. Анда президент Садыр Жапаров Бучукка барып, кен казууда экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын убада кылган.

Расмий маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Баалуу металлдын жалпы кору 22 тонна деп эсептелет. (КЕ)

Дагы караңыз

Мектептердеги окуу планы жана каникулдардын мөөнөтү бекитилдиҮй-бүлөлүк зомбулук: Жарым жылда ишеним телефонго 3,5 миңдей кайрылуу түштүБийликти сындаган активист Азамат Баяманов эки айга камалдыРумынияда бир аптада үчүнчү жолу Орусиянын дрону атып түшүрүлдү