Wildberries'теги өрт: Салык кызматы кыргызстандык ишкерлер менен соңку жагдайды талкуулады

Сүрөт Салык кызматынан алынды.

Кыргызстандын Салык кызматынын жетекчилиги Орусияда Wildberries'тин бир нече кампасына дрон чабуулдарынан кийин ишкерлер, маркетплейстер аркылуу соода кылгандар менен жолугушуп, соңку жагдайды талкуулады. Аталган кызматтын төрага орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында өткөн жумушчу кеңешмеде эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери, мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу сөз болду.

"Кубанычбек Ысабеков салыктык жүктү азайтуу жана ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында Салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары үчүн учурда түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзгөн бирдиктүү салыктын ставкасын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатканын белгиледи. Ушундай эле чара, анын ичинде эл аралык маркетплейстер аркылуу товарларды саткан ишкердик субъектилерине карата да сунушталууда. Алар үчүн учурда бирдиктүү салыктын ставкасы 2 пайызды түзөт. Бул демилге учурдагы экономикалык шарттарда ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту стимулдаштырууга, ошондой эле электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат Салык кызматы тараткан маалыматта.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу болжол менен 30 миңге жакын ишкердик субъект иш алып барат жана алардын саны жыл сайын өсүүдө. Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги соңку окуялардан улам жабыркаган ишкерлердин санын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды.

Салыктык жеңилдиктер менен катар мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралышы мүмкүн.

Wildberries'тин бир нече кампасына дрон чабуулдарынан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкерлер товары күйүп кеткенин билдирген. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүшкөн.

Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Екатеринбург, Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда.

Маркетплейстердин сатуучуларынын ассоциациясы учурда Орусиядагы кампаларда жабыркаган ишкерлердин чыгымдарын тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 23-июль күнү чакан ишкерлердин чыгымдарын калыбына келтирүү иштерин баштаганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Бир айда мас айдоочуларга 126 млн сом айып пул салынды28-июлдун аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтСолтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде өндүрүш калдыктары жайытка тараганы аныкталдыМектептердеги окуу планы жана каникулдардын мөөнөтү бекитилди