Франция менен Испанияда токойлордо ысыктан улам тутанып, миңдеген гектар жерге жайылган өрттүн айынан коопсуз жакка кетүүгө мажбур болгондор саны 300 миңден ашканын 28-июлда Deutsche Welle жазды. Францияда "алоолонгон булуттар" пайда болгону кабарланууда.
Эки өлкөнүн тең куткаруу кызматтары соңку ондогон жылдардагы эң кыйраткыч токой өртү менен жогорку деңгээлдеги ыкчам даярдык шартында күрөшүп жатышат.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон 27-июлда өлкөнүн түштүк-батышындагы өрт андан ары жайылбай тургандай көзөмөлгө алынганын билдирди. Ошол эле учурда Бордонун жанында өрттү көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатат.
"Кийинки апталар оор болот", - деп Макрондун сөзүн AFP агенттиги келтирди.
Анын айтымында, бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Франциядагы эң кооптуу токой өртү. Бордо менен Атлантика океанынын жээгинин ортосундагы аймактагы жаратылыш кырсыгы 22-июлдан бери болжол менен 42 000 гектар аянтты талкалады. Өлкө боюнча токой өртү быйыл 116 000 гектар аянтты жок кылды.