Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Санкциялык тобокелдиги жогору болгон 40ка жакын компания аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топ ушул жылдын июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40ка жакын компанияны аныктаганын билдирди.

Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков 27-июлда эл аралык санкциялык талаптарды сактоого байланыштуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде айтты.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун буга чейинки жыйынынан бери өткөн үч жуманын ичинде “Шисан”, “Рама Групп” жана “Нова Проект” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы кайтарылып алынганы белгилүү болду.

Андан тышкары, июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40ка жакын ишкана аныкталып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Бакыт Сыдыков Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстан тарабынан санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө жол бербөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга эл аралык өнөктөштөр оң баа берип жатканы белгиленди. Тактап айтканда, санкциялык тобокелдиктери жогору болушу мүмкүн болгон компанияларга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан кошумча иликтөөнү талап кылган субъекттерди аныктоодо жетишилген прогресс белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

Кеңешмеде 23-июлда Европа Биримдиги (ЕБ) санкция салган “ЭкоИсламикБанктын” өкүлдөрү санкциялык тизмелерге киргизилген жеке жактарга жана компанияларга кызмат көрсөтүү боюнча операциялар жок экенин маалымдаган.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде төрт банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” санкцияга илешкен. “ЭкоИсламикБанкты” кошкондо беш банк болду.

АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 31 кыргызстандык компаниянын 15и санкциялык товарды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. Төрт компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, экөө Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешкен. Беш компания түздөн-түз криптовалюта чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.

Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеге” кирген.

Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG