Орусиянын Тюмендеги мунайды кайра иштетүүчү заводу 25-июлда Украинанын чабуулунан кийин ишин токтотконун Reuters агенттиги эки булакка таянып жазды.
Алардын билдирүүсүндө, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соккусунан кийин дизелди тазалоочу жана бензин өндүрүүчү жабдык өрттөнгөн. Алар завод качан ишин кайра баштай турганын айта алган жок.
Тюмендеги завод ("РИ-ИНВЕСТ" компаниясынын филиалы) жылына болжол менен 9 миллион тонна мунайүүгө жөндөмдүү. Орусиядагы эн чоң көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдордун бири. Ал Евро-5 стандартындагы дизел, бензин, кокс, битум жана мазут өндүрөт. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, иш жүзүндө завод жылына болжол менен 6 миллион тонна чийки мунайды кайра иштетип, 500 миң тоннадай бензин жана 2,8 миллион тонна дизел чыгарып келген.
Заводго 25-июлда чабуул болгонун Украинанын президенти Владимир Зеленский жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырасташкан. Тюмен облусунун губернатору Александр Моордун айтымында, учкучсуз аппарат ишкананын аймагына кулап, анын кесепетинен өрт чыккан. Чабуулдан улам Тюменьшаарынын 440 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учураган.
Украин аскерлери бул ишкананы 2025-жылдын октябрында жана 2026-жылдын 20-июнунда бутага алган.
Bloomberg агенттигинин эсебине ылайык, апрелдин ортосунан 13-июлга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна болжол менен 50 жолу бутага алып, эң ири 34 заводдун кеминде 24үнө таамай сокку урган. Мындан улам Орусиядагы мунай өндүрүүнүн көлөмү соңку 20 жылдан бери эң төмөн деңгээлге түшүп кетти.