Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

"Борбор Азия Ирандан башка соода жолдорун карап жатат"

Карачи портундагы терминал. Пакистан, 31-июль, 2025-жыл
Карачи портундагы терминал. Пакистан, 31-июль, 2025-жыл

АКШ-Иран куралдуу жаңжалы азырынча басаңдаганы менен анын геосаясий кесепеттери сезиле баштады. Ормуз кысыгынын келечеги, регионалдык коопсуздук бүдөмүк болуп турганда Борбор Азия жылдардан бери келаткан соода, байланыш жана дүйнөлүк рынокторго карай маршруттарды кайра карап чыгууда.

Хадсон институтунун улук илимий кызматкери, Евразияга адистешкен Кен Мориясу ушул күндөрү Борбор Азияга барып келди. Анын айтымында, сөз болгон мамлекеттер деңизге чыкчу жол катары Иранды карап келген болсо, эми башка жолдорду издеп жатышканы көзгө урунат. Вашингтондогу кабарчыбыз Алекс Рауфоглу экспертти сөзгө тартты.

- Борбор Азиянын өкмөттөрү Ирандагы жаңжалга байланыштуу стратегиялык кандай өзгөрүүлөргө барууда? Ал өлкө глобалдык соодага дарбаза катары каралып келген.

- Ооба, мен Иранга болгон мамиле өзгөрүп жатыптыр деген тыянакка келдим. Жаңжал февралда башталса, мартта аймактагы аналитикалык борборлор ар кыл талкууларды уюштурушкан. Борбор азиялык элчилер Ирандагы абал турукташкандан кийинки мүмкүнчүлүктөрдү сөз кылган. Алардын айтымында, Тегеран өз саясатынын чордонуна бизнести алып чыкса, Борбор Азияга деңиз портторуна кыска маршрут менен жетүүгө өбөлгө түзүлмөк. Ошондо Ирандагы стабилдүүлүк кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт деген оптимисттик маанай өкүм сүргөн.

Хадсон институтунун улук илимий кызматкери Кен Мориясу
Хадсон институтунун улук илимий кызматкери Кен Мориясу

Бирок соңку сапарымда Борбор Азия ошол варианттан баш тартканына күбө болдум. Алар Ооганстанды Пакистанга карай транзиттик маршрут катары колдонуу тууралуу көбүрөөк кеп кылып калды.

Ал эки өлкөдөгү чыңалууга карабай, Ирандагы режимдин алмашуусун күтүп отура бергенге караганда Ооганстан менен Пакистандагы маселелерди жөнгө салуу алда канча реалдуу деп ойлошот. Режимдин алмашуусу же Израилди Иранга чабуул койбогудай кылып ынандырган стабилдүүлүккө жетүү алар үчүн абдан алыс перспектива болуп калды.

Кыскасы, аймактагы өлкөлөр адегенде Ооганстан аркылуу өткөн маршрутту карашат, ал натыйжага алып келбесе, анда Кытай-Пакистан экономикалык коридоруна (CPEC) өтүшөт. Кагаз жүзүндө андай жол салуу керемет демилге. Иш жүзүндө долбоор күтүлгөндөй ылдам жылган жок. Андай болсо да, Борбор Азиядагы өлкөлөр Ирандын өзүндөгү абалдын жакшырышын күтүп отурганга караганда Кытай-Пакистан багытын ишке ашыруу реалдуураак деген ойдо.

- 2021-жылы "Талибан" бийликти басып алган Ооганстандагы абал туруксуз бойдон калууда. Эмне себептен Борбор Азия өкмөттөрү аны эми көйгөй эмес, маселени чечүүнүн жолу катары кабыл алып калышты?

- Суу ресурстары Борбор Азиядагы чоң маселелердин бирине айланган. Региондогу дарыялардын ири бөлүгү Тажикстан жана Кыргызстанда башат алат жана андан ары Казакстан менен Өзбекстанды көздөй агат.

Ооганстан куруп жаткан жаңы канал ошол системадан суу алып турмакчы. Бул жагынан алганда борбор азиялыктар Ооганстанга нааразы болушу керек жана ошондой эле деп ойлойм.

Бирок муну менен катар стабилдүү мамилелер орносо, Ооганстан стратегиялык чоң пайда алып келмекчи. Демек, суу ресурстарынын айланасындагы чыңалууга карабай, Ооганстан менен тыгыз иштешүүгө чыныгы ынтызарлыкты сездим.

	
Талибдердин каналы Борбор Азияда суу согушуна алып келиши мүмкүнбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

- Пакистан Борбор Азиянын узак мөөнөттүү соода стратегиясында кантип маанилүү роль ойноп калды?

- Континенталдык өлкө болгон, ошол эле маалда деңизге чыккан Пакистандын географиясы өзгөчөлөнүп турат, Индиядан айырмаланат. Индияны Евразиядан Гималай тоосу жана Пакистан бөлүп турат. Анын Борбор Азия менен түз байланышы жок.

Пакистан болсо Борбор Азияга түз чыга алат, ошол эле маалда Карачи жана Гвадар өңдүү чоң деңиз порттору бар.

Пакистандык маршал Асим Мунирдин (Пакистан армиясынын таасирдүү кол башчысы) АКШ президенти Дональд Трамп менен мамилеси жакшы. Трамп Ирандагы согушту жөнгө салууда ортомчулук кылган Пакистанга ыктоону чечкен. Арачылык вазиайпасынан тышкары Кытай жана Орусия менен Евразиядагы кеңири стратегиялык атаандаштыкта ал өлкөнү маанилүү өнөктөш деп эсептейт.

- Борбор Азиядаы Кытай-Пакистан экономикалык коридору Иранга альтернатива катары каралууда деп айтса болобу?

- Пакистандын бул жагдайды кантип пайдаланып жатканына байкоо салуу кызыктуу. Исламабаддын АКШ менен көбүрөөк иштешкени ал Кытайдан алыстап жатат дегенди билдирбейт. Вашингтон менен кызматташтыгын активдештирген сайын Пакистан Кытайды сөз болгон коридорго көбүрөөк көңүл бурууга түртүп жатканын америкалыктар түшүнүүгө тийиш.

Пакистан эки тарапты тең пайдаланып жатат жана анын жемишин көрүүдө. Жакында Кыргызстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда Пакистандын жогорку жетекчилиги менен Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Инин кездешүүсүн эстесек. Кытайдын өкүлү Пакистандын Иран-АКШ ортосундагы арачылык аракеттерин жогору бааларын жана ал аракеттерге колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Бул сөздөр үстүбүздөгү айда айтылган. Андан эки ай мурун эле Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Кытайда президент Си Цзинпин менен жолугушканда Бээжин анчалык ынтызарлыгын көрсөткөн эмес. Кытай Пакистандын аракеттерин бааларын айтуу менен чектелген, бирок колдоосун сунуш кылган эмес.

Эки айдын ичинде эле Бээжин өз позициясын сезилерлик түрдө өзгөрттү. Менимче, муну Пакистандын президен Трампка мурдагыдан жакындыгы менен түшүндүрсө болот.

- Ирандагы жаңжал Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин андан ары күчөттүбү?

- Менин байкашымча, Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан көз каранды болуп келсек, эми Кытайдан көз каранды болуп калабызбы деп чочулашат. Бирок Кытай барган сайын бирден бир вариантка айланганы реалдуулук болуп калды.

Бул жерде Казакстан жакшы мисал болуп бере алат. Учкучсуз учактардын соккуларынан улам анын Кара деңиз аркылуу салынган мунай куурунун иши дээрлик үзгүлтүккө учурады. Ал соккуларда сыягы Украина орусиялык инфраструктураны бутага алган. Казак мунай экспортунун 80% жакыны адатта Кара деңизден өтөт.

Казакстандын колунда эки альтернатива бар. Бирөө Каспий аркылуу Азербайжанга кеткен Ортоңку коридор. Экинчиси Кытай менен туташтырган даяр куур.

Астана Ортоңку коридорго артыкчылык бергиси келсе да, карай майды адегенде танкерлер менен Каспий аркылуу Бакуга ташуу зарыл. Бул өз кезегинде анын мүмкүнчүлүктөрүн, көлөмдү чектеп коет.

Мунайды Кытайга куур менен жөнөтүү эң тез жол болмокчу жана менимче ушул вариантты тандашат.

Жыйынтыктап айтсам, Борбор Азия Кытайдан ашыкча көз каранды болуп калабыз деп тынчсызданганы менен ал көз карандуулук артып баратат. Бул тенденция АКШ жана Жапония өңдүү өлкөлөр Казакстан менен Азербайжан ортосунда мунай ташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн Каспийдин инфраструктурасына каражат салмайынча улана бермекчи.

- Тегерандын көз карашынан алганда, Борбор Азияны колдон чыгаруу Иран үчүн санкциялар салынгандан берки эң чоң стратегиялык сокку болуп калат деп айтууга негиз барбы?

- Ооба, Иран согушта утулуп калбоо үчүн жан үрөп аракеттенүүдө. Бирок өзүнүн кылгандары менен Борбор Азияны колдон чыгарууда. Ошол эле маалда Борбор Азияны Ирандан башкалар да алыстатып жатат. АКШнын саясаты да бул жагынан салым кошууда. Мисалы Ирандын түштүгүндөгү Чабахар портуна чабуулдар коюлган. Индия Гвадарга альтернатива кылып ал жерге көп каражат салган. Ошол окуялардан улам Ирандагы коридор Кытай-Пакистан экономикалык коридору менен атаандаша албайт.

Бир четинен жоопкерчилик Иранга жүктөлсө, экинчи жагынан Кошмо Шттатардын сясаты да таасир этүүдө. Эки жагдай кошулуп Иран маршрутунун маанисин азайтып жатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG