Анда Кыргызстандагы раввин Арье Райхман Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник жакында эле Бишкекке иш сапары менен келгенин белгилеген. Ал учурдагы геосаясий кырдаалды, Ирандын жана АКШ-Израил альянсынын ортосундагы атышуу жакында эле токтогонун эске алганда бул сапар күтүлбөгөн окуя болгонун айткан.
Израилдин президентинин талкуу жараткан билдирүүсү
JNS басылмасы Ицхак Герцогдун "Мында эч кандай кокустук жок, ирандыктар, балким, Кыргызстанды биз чектеп жаткан материалдарды алыш үчүн аткезчилик жол катары колдонгусу келип жаткан болушу ыктымал. Биз буга көз салып турушубуз зарыл" - деген сөзүн келтирген.
Ицхак Герцогдун сөзүнө байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги комментарий бере элек.
Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, Ицхак Герцогдун сөзүн “Кыргызстандын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү боюнча суверендүү укугуна одоно кийлигишүү жана бурмалоо” деп баалады.
“Баарыбыз жакшы билебиз, 2026-жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары алдыдагы мамлекет башчыларынын Бишкек шаарындагы саммитине даярдык алкагында ар кандай иш-чараларды, жыйындарды жана консультацияларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга келишүүдө. Бул — эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү кадимки дүйнөлүк практика. Андан тышкары, ШКУ БУУ тарабынан таанылган жана дүйнө жүзүндө абройлуу уюм экенин эске салгым келет. Мындан улам “Кыргызстан Иран тарабынан контрабандалык маршрут катары колдонулушу мүмкүн” деген негизсиз тыянактарды чыгаруу — суверендүү мамлекеттин эл аралык саясатын баалоодо Израилдин азыркы саясий жетекчилигинин дипломатиясынын компетенттүүлүгүнө гана эмес, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге олуттуу зыян келтирген мындай жалаа мүнөзүндөгү билдирүүлөрдүн чыныгы максаттарына да шек жаратат”, -деп жазды Жекшенкулов.
Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник 28-апрелде Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саммитине катышуу үчүн келип кеткен.
Талдоочулар уюмдун түзүлгөн миссиясына көңүл буруп, ал эч кандай аскердик же согуштук түзүм эмес экенин белгилеп жатышат.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Темирбек Нурматов:
“Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Кыргызстанга чогулганы бул алдын ала пландалган эл аралык иш-чара. Иран бул уюмга мүчө. Коргоо министринин орун басарынын бул сапарынан Израил кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп шек санаса керек. Булар азыр бардык аймактарга көз салып, карап турушат. Алар Иранга кол кабыш кылган мамлекеттерди анализдеп карап жатышат. Израилдик президенттин айткан билдирүүсү негизсиз экенин айтышыбыз керек”, - дейт.
Саясат талдоочу Эмил Жороев Кыргызстан менен Ирандын ортосунда соода-сатык алакалары солгун экенине көңүл буруп, андыктан күмөн саноонун өзү туура эмес деген пикирин айтты:
“Кыргызстан үчүн жагымсыз жана жооп бере турган билдирүү жасаптыр. Жакында эле Европа Биримдигинин санкцияларынан кийин өздөрүнүн пикирин кыстыра кеткендей таасир калтырат. Анын пикири популисттик билдирүү. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан Иран менен эң аз көлөмдө соода-сатык жүргүзгөн мамлекет. Бизге салыштырмалуу коңшу өлкөлөр 10 эсе көп соода кылат. Биз эки мамлекет аркылуу өтүп барабыз, бул биз үчүн ыңгайсыз. Ошондуктан жогорудагы билдирүүнү орунсуз деп айтар элем”.
Шанхай кызматташтык уюмуна быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Анын алкагында Бишкекте бир катар министрликтердин кеңешмелери өттү. Мамлекет башчылардын саммити август айына пландалууда.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бирикме экенин билдирип келет. 2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.
Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан улам расмий Бишкек тынчтык диалогун кубаттаган билдирүү тараткан. Президент Садыр Жапаровдун 12-марттагы билдирүүсүндө "кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн конструктивдүү диалогго келүү" керектиги айтылган.
“Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз”, - деген кыргыз президенти.
Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Иранга гуманитардык жардам жеткирген. 66 тонна азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы) жана 63 тонна дары-дармек гумжардам оор жүк ташуучу жети автоунаага жүктөлүп, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин коштоосунда жеткирилген.
ШКУнун Бишкектеги саммити, ирандык генералдын сапары
28-апрелде Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саммити өттү.
Ага учурда согуштук абалда турган Ирандын коргоо министринин орун басарынын келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду. Адистер Кыргызстан бул маселеде орто жолду кармануусу зарылдыгын белгилешет.
Тегерандын атынан Бишкектеги кеңешмеге коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник катышты. Мындан тышкары Кытайдын, Орусиянын, Беларустун, Пакистандын жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын коргоо мекемелеринин башчылары да болду.
Аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, уюмдун аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу жогору экенин айтты.
“Баса белгилеп айткым келет, уюм аймактык коопсуздукту, өнүгүүнү жана көп тараптуу пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылууда мүчө мамлекеттер арасындагы координациялык күчтөнүү жагынан маанилүү платформа бойдон калууда”.
Президент коргоо тармагындагы аракеттенүүнү күчөтүү жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу маанилүү экенин айтты.
Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев уюмдун түзүлгөн миссиясына көңүл бурду:
“Иран өзү да өткөн жумада айтты, биз кирген уюмдар жок дегенде караан болуп бере алабы деген маселени койду. Бул туура. Бирок биз бир нерсени эске алышыбыз керек – ШКУ согуштук же аскердик уюм эмес. Коопсуздуктун алдын алган, терроризмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин, наркотрафиктин себептерин жок кыла турган биримдик. Согуштук жагдайда кандай кылабыз деген маселе күн тартибине кире элек болчу. Кыргызстан да колдон келген жардамын көрсөтүп, гуманитардык көмөк жөнөттү”.
Саммитти утурлай Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолуккан. Анда Жакынкы Чыгыштагы окуялардын Борбор Азияга таасирин талкуулашкан.
Эл аралык мамилелер боюнча адистер геосаясий абал курчуганы Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга көңүл буруу күчөгөнүн айтып келишет. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул геосаясий конфликттерди талкуулаганга ШКУнун аянтчасы зарыл экенин белгилеп, Кыргызстан көп тараптуу саясатты уланта бериши керек дейт:
“Иран боюнча гуманитардык жардам бере алабыз. Бирок саясий жактан көз салып турабыз. Бир тараптуу позицияны толук кармануу кыйын. Анткени Батыш менен мамилелерибиз маанилүү. Евробиримдиктин Кыргызстанга карата санкция киргизүү маселеси да курч турат. Бизге Орусия менен Кытай кошуна жана бир топ уюмдарда болгону үчүн алар Иран маселесинде кандай кадамга барса, биз да ошого ыктайбыз деп ойлойм”.
Евробиримдиктин санкциясы, Кыргызстандын жүйөсү
Израилдин президенти Ицхак Герцогдун билдирүүсү Кыргызстанга Европа Биримдиги айрым чектөөлөрдү киргизген учурга туш келди.
Өткөн аптада Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин кабыл алып, анын алкагында Кыргызстанга металл кесүүчү станок, модем сыяктуу байланыш каражаттарын сатып алууга чектөө киргизген эле. Европа Биримдигиндеги өлкөлөр мындай товарларды Кыргызстан сатып алып, Орусияга бериши мүмкүн деп күмөн саноодо.
Расмий Бишкек мындай аракетти өкүнүч менен кабыл алганын билдирген. Тышкы иштер министри тараткан маалыматта, “Европа комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат” деп айтылган.
Кыргыз бийлиги европалык жүйөлөр тастыкталбаганын, эл аралык нормаларга ылайык талаптарды сактап жатканын жүйө келтирүүдө. Санкциялардын 20-пакетин киргизер алдында өлкө бийлиги тынчсыздануусун билдирип, февраль айында өз жүйөсүн айтуу үчүн Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливанды Бишкекке чакырып, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө санкциялар далилсиз салынып жатканын айтты.
“Биз алардын киргизген санкцияларын өкүнүү менен кабыл алдык. Санкциялардын хронологиясын карай турган болсок, бир нече жолу Европа Биримдигинин санкцияларды караган департаменти менен иштеп, алардын сунуштамаларын колдоп, иш жүргүзгөнбүз. Ошол учурда санкциялардын 20-пакети даярдалып, элчиликтерге берилгенде билдик. Биз ошол департаментке кайрылып, эмнеге Кыргызстан санкцияга кирип калганынын сурадык. Бирок алар санкцияга киргизүүнүн себебин далилдеп бере алышкан жок. Биз кайсыл бир жеке компания кандайдыр бир талаптарды бузган болсо аларга чара көрүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз. Эгер санкцияга шектелген же тиешеси бар компания такталган болсо анда биз анын юридикалык каттоосун жокко чыгаруу чечимин да кабыл алганбыз. Санкция салган өлкөлөргө бир канча жолу бардык. Мына, “Керемет” банкты киргизди эле, биз алар менен чоң иликтөө жүргүзгөнбүз. Иликтөөнүн алкагында алар бизге коюлган доосун далилдеп бере алышкан жок”.
Быйылкы жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, төрт компания акчаны адалдоого жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, эки ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген.
Шерине