Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Көшербаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Каспий куур консорциумунун (КТК) айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери маалымдашты.
Американын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, сүйлөшүүдө энергетикалык коопсуздук жана Казакстандын мунайын Каспий куур консорциуму аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси көтөрүлдү.
Ошондой эле Марко Рубио Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгелерин колдогону үчүн Астанага ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө президент Касым-Жомарт Токаевдин быйыл өтө турган G20 саммитине катышуусуна даярдык да талкууланганын билдирди.
Эки тараптын бул сүйлөшүүсүн утурлай украин армиясынын дрондору Орусиянын Новороссийск портуна жана Каспий куур консорциумунун жанындагы танкерлерге бир нече жолу сокку урган.
Чабуулдардан соң консорциум Казакстандын мунайын кабыл алууну убактылуу токтотуп, Астана мындай аракеттерди өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына каршы багытталган кадам деп атаган.
23-июлда Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде мунай жүктөө коопсуздук максатында токтотулуп, өндүрүш көлөмү кыскартылганын билдирген.
Ал эми 27-июлда Каспий куур консорциуму Казакстандын мунайын кайра кабыл ала баштаганы маалымдалган.
Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, чабуулдардын кесепетинен Казакстандын күнүмдүк мунай өндүрүшү дээрлик эки эсе азайып, июнда күнүнө 2,16 миллион баррел чыгарылса, 26-июлга карата 1 миллион баррел гана өндүрүлүп калган.
Каспий куур консорциуму Казакстандын батышындагы кендерден өндүрүлгөн мунайды Кара деңиздеги Новороссийск портуна жеткирген негизги экспорттук багыт болуп эсептелет.
Өлкө экспорттогон мунайдын болжол менен 80% ушул куур аркылуу ташылат.