Түркияда дагы бир оппозициячыл мэр кармалды

Анкарадагы полиция кызматкерлери.

Түркиянын башкалаасы Анкарадагы Этимесгут районунун мэри Эрдал Бешикчиоглу жана дагы 51 киши кармалды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция муниципалитеттин имаратында тинтүү жүргүзүп, мэр баш болгон 37 кызматкерди кармады. Жалпысынан 55 адамга карата кармоо ордери чыгарылган. Алардын арасында 18 жеке компаниянын өкүлү бар. Азырынча үч шектүү изделүүдө.

Тергөө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы болгон оппозиция өкүлдөрүнө карата жүргүзүлүп жатат.

Кармалгандарга кылмыштуу топко мүчө болуу, бюджеттик каражатты ыйгарып алуу, паракорчулук, опузалап акча талап кылуу, мамлекеттик сатып алуулардагы алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тууралуу беренелер боюнча айыптар коюлууда.

Буга чейин полиция Стамбулдун Үскүдар районунун оппозициялык мэрин жана дагы беш кишини курулуш жана пайдаланууга берүү уруксаттарына байланышкан мыйзам бузуу фактысы боюнча кармаган.

Оппозиция 2024-жылдан бери өз өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Ал эми түрк өкмөтү сот системасы көз карандысыз иштеп жатканын билдирүүдө.

2025-жылы Стамбулдун мурунку оппозициячыл мэри, Эрдогандын алдыдагы шайлоодогу негизги атаандашы деп саналган Экрем Имамоглу 1,8 жылга кесилген. Ага андан башка дагы бир нече иш боюнча айып тагылууда.

Дагы караңыз

АКШ менен Казакстан Каспий куур консорциумундагы кырдаалды талкууладыСот көп аялдуулук иши боюнча экс-губернатор Мирбек Мияровду актадыКыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 30га чейин көбөйөт