Кривой Рогдо Орусиянын соккусунан бир үй-бүлөдөн беш киши каза болду

Кривой Рогдогу соккунун кесепети. 30-июль, 2026-жыл

Украинанын Днепропетров облусундагы Радушное кыштагында (Кривой Рогдун четинде) Орусиянын "Искандер-М" баллестикалык ракетасы он балалуу үй-бүлө жашаган үйгө тийди.

Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы чабуул түгөйлөрдүн, алардын 6, 11, 17 жаштагы үч баласынын өмүрүн жалмаганын билдирди. Үйдөгү калган балдар ар кандай жараат алган.

Ракета жалпысынан эки жер тамды талкалап, дагы бешөөнө зыян келтирди.

Орусия 30-июлга оогон түнү Украинанын Киев, Львов, Кривой Рог шаарларына жана башка аймактарына жапырт сокку урганда, бери дегенде сегиз киши өлүп, ондогону жараат алганы кабарланган.

Орус Коргоо министрлиги 30-июлда жапырт чабуул болгонун ырастап, жердеги, абадагы жана деңиздеги алыстан таамай сокку уруучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын Киев, Львов, Ивано-Франковск, Житомир, Ровно, Винница жана Днепропетров облустарындагы аскердик аэродромдорго, аскердик өнөр жай ишканаларына, байланыш жана логистика борборлоруна сокку урулганын маалымдады. Львовдо "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган жайларды, Кривой Рогдо дрон чогулткан заводду бутага алганын билдирди.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.

Дагы караңыз

Украина бир күндө Wildberries'тин үч кампасына сокку урду. Үчүнчү жолу бутага Пермдеги комплекс алынды АКШ Ирандагы объектилерге катуу сокку урганын жарыялады