Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

АКШ Ирандагы объектилерге катуу сокку урганын жарыялады

Американын согуштук учагы Иранга сокку уруу маалында учканы жатат. Сүрөт кайсы базадан тартылганы белгисиз. Аны CENTCOM 2026-жылдын 29-июлунда жарыялаган.
Американын согуштук учагы Иранга сокку уруу маалында учканы жатат. Сүрөт кайсы базадан тартылганы белгисиз. Аны CENTCOM 2026-жылдын 29-июлунда жарыялаган.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 30-июлда Ирандын объектилерине "катуу соккулардын топтомун" урганын билдирди.

Мекеме муну менен Тегерандын Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык аскерлерге ракеталар менен сокку уруу аракетине жооп болгонун маалымдады.

CENTCOM тараткан маалыматта америкалыктар Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) ондогон объектилерине сокку урганы белгиленген. Алардын арасында аскердик командалык пункттар, ракета жана дрондорго байланышкан объектилер, жээкти көзөмөлдөө жана коргонуу системалары, ошондой эле деңиз базасы объектилери бар.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары соккулар өлкөнүн түштүк-батышындагы Хузестан провинциясындагы бир нече калаада жана Кешм аралында болгонун кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, үч адам, анын ичинде эки жаштагы бала каза тапты.

АКШ билдиргендей, америкалык күчтөргө "капыс чабуул коюу аракети" 28-июлда болгон.

Сакчылар корпусу анда Ирандын аймагынан бир нече баллистикалык ракетаны учурган. Америка тарап ирандык ракеталар ийгиликтүү атып түшүрүлгөнүн же кармалганын билдирди.

Чыңалуу АКШ менен Ирандын ортосундагы куралдуу тиреш курчугандан кийин күч алды.

Ушул аптада АКШ менен Сауд Арабиясы Ирактагы Иран колдогон куралдуу топторго каршы биргеликте сокку урганын расмий жарыялаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG