Кыргызстанга Орусиядан бензин, солярка ташып келүү жанданары айтылды

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл

30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, орус тарап менен азырынча баа боюнча бир чечим кабыл алына элек жана жакынкы күндөрү Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Орусияга барат деп күтүлүүдө.

Данияр Амангелдиев мындан тышкары Кыргызстанды бензин, солярка менен толук камсыздоо үчүн башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр токтотулбай турганын кошумчалады.

Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы 20-июлдагы маалыматында орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Ушундан улам Кыргызстанда бензиндин, солярканын баасы көтөрүлүп, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен солярка жок болуп жатат.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе адатта анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын Украинага жапырт соккулары: Бир нече киши каза тапты, 40тан ашууну жараат алды АКШ Ирандагы объектилерге катуу сокку урганын жарыялады “75чилердин иши”: Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы арыз бердиСадыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды