30-июлда Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты.
Садыр Жапаров Кыргызстандын жаратылышы, Ысык-Көлдүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү мындай долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттарды түзөрүн, туризм экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын айтты.
2022-жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көлдө көп функциялуу ири гольф-клуб куруп жаткан “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев баштаган бир катар адамдарды камакка алган. Ага көл жээгиндеги баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча айып тагылган.
“ПолитКлиника” медиасы бул фактыны иликтеп, кылмыш иши козголгондон кийин Алексей Конев “СК Девелопмент” компаниясынын 50% үлүшүн президенттин уулу Рустам Жапаровдун досу Элдос Усенбековго 500 сомго сатып, өзү чет өлкөгө чыгып кеткенин жазган.
Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде уулу Рустам Жапаров гольф-клубду куруу долбоорун көзөмөлдөп жатканын билдирген. Мамлекет башчы “СК Девелопмент” компаниясы Кош-Көл айылына гольф-клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алганын, “Керемет банктан” 3 миллион доллардын тегерегинде насыя алып төкпөй жатканын билдирип, ишти аягына чыгарыш үчүн уулу көзөмөлдөп жатканын айткан. (BTo)