Бишкек мэриясы жеке машинелерди пайдаланууга тыюу салынбай турганын билдирди

Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги жол тыгыны.

Бишкек шаарынын мэриясы жеке менчик автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизилбей турганын кабарлады.

Муниципалитет президенттин “Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын долбоору боюнча түшүндүрмө берип, анда адамдарга менчик машинени пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер жок экенин билдирди.

Мэрия жарлыктын долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде шаардын транспорттук тутумунун иштешине байланыштуу учурдагы көйгөйлөр, тобокелдиктер гана жазылганын кошумчалады.

29-июлда жарыяланган жарлыктын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Бишкек башында 50 миң автоунаага гана эсептелгени, азыр шаарга башка аймактардан кирген машинелерди эсепке албаганда да Бишкектин өзүндө эле 400 миң унаа катталганы жазылган. Андан тышкары коомдук транспортту өнүктүрүү иштери жүрүп жатканы, күн сайын 1300 автобус жана электробус шаарда 800 миңге жакын жүргүнчүнү ташый турганы камтылган.

Мэрия коомдук транспортко артыкчылык берип, шаардын тыгын көп болгон аймактарында акырындык менен жеке транспортту колдонууга чектөө киргизүү саясатын ишке ашыруу тууралуу да жазган. Бул коомчулукта сын-пикирди жаратты.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Орусия Түндүк Кореянын ракетасы менен сокку урганын айттыЫсык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылдыКыргызстанга Орусиядан бензин, солярка ташып келүү жанданары айтылдыОрусиянын Украинага жапырт соккулары: Бир нече киши каза тапты, 40тан ашууну жараат алды Кривой Рогдо Орусиянын соккусунан бир үй-бүлөдөн беш киши каза болду “75чилердин иши”: Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы арыз берди