31-июлда Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.
Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашуулар жетишилгениндин жана өз ара ишенимдин чыңдалышынын аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканын айтты.
Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогону үчүн аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирди.
Өлкө лидерлери сөз сүйлөгөндөн кийин президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын өлкө жетекчиси Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты.
Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын сегизинчи бейформал консультативдик жолугушуусу 2026-жылдын 8-октябрында Түркмөнстанда өтөт. (BTo)