Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Украинанын эки облусунда дрон соккусунан адам өмүрү кыйылды

Львов. 2026-жылдын 30-июлу.
Львов. 2026-жылдын 30-июлу.

Украинада 31-июлга караган түнү Днепропетров жана Харьков облустары Орусиянын соккуларына кабылып, адам өмүрү кыйылды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, чабуулдан Днепропетровдо эки адам каза болуп, үчөө жараат алды. Сокку Никополь, Днепро, Павлоград жана Синельников райондоруна урулду. Тамак-аш өнөр жай ишканасынын, айылдык кеңештин имараттары, билим берүү мекемеси, жеке турак үйлөр жана дүкөндөр жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус аскерлери жумага караган түнү 255 учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул койду, алардын 195и атып түшүрүлүп же радиоэлектрондук каражат менен зыянсыздандырылды.

22 дрон 14 жерге тийгени, алардын сыныктары жерге түшкөнү маалымдалды.

Ал эми Харьковдун четиндеги учкучсуз учуучу аппарат менен почта терминалына сокку урулганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов Telegram аркылуу билдирди. Анын айтымында, жүк ташуучу автоунаа өрттөндү.

30-июлга караган түнү Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракета менен чабуул жасаган. Кривой Рог шаарынын четиндеги Радушное айылында көп балалуу үй-бүлө жашаган жеке үйгө баллистикалык ракета түшкөн. Каза тапкандар арасында алты жашар кыз жана 11, 17 жаштагы балдар бар.

Бул соккусунда Орусия, баштапкы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын ракетасын колдонгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал эми Львов аймагында бейшембиге караган түнкү чабуулдан жараат алгандардын саны 38ге жеткенин облустук аскердик администрация башчысы Максим Козицкий маалымдады. Анын айтымында, 35 жаштагы жергиликтүү тургун көз жумду.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG