Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты

Камбаралы Конгантиев

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору жана Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Конгантиев 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 1-августта анын жакындары кабарлашты.

Камбаралы Конгантиев 1947-жылы 1-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Кесиптик ишмердигинде Ысык-Көл облустук прокуратурасынын улук тергөөчүсүнөн жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарынын прокурорунан тартып, Кыргыз ССРинин прокурорунун орун басарына чейинки кызматтык жолду басып өткөн. Кийинки жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасында жооптуу кызматтарды аркалаган.

Камбаралы Конгантиев ошондой эле эгемен Кыргызстандын Финансы полициясын түзүүнүн башатында турган. Жаңыдан түзүлүп жаткан бул мекемеде тергөө багытын жетектеп, экономикалык жана финансылык кылмыштарды иликтөө системасынын калыптанышына салым кошкон.

2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2005-жылы ноябрдан 2007-жылдын март айына чейин башкы прокурор болуп иштеген. Кийинчерээк Жогорку Кеңеште президенттин жана өкмөттүн өкүлү болгоню

Кыргызстандын Эмгек сиңирген юристи, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалынын ээси.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 2-августта Башкы прокуратуранын имаратында өтөт.

Дагы караңыз

"Согушка алып кетпейби?" Орусия полициянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кеңейтет ӨКМ Боомдогу "бир нече чакырымдык" тыгын боюнча маалымат бердиКиевде баллистикалык чабуулдан кеминде тогуз киши каза болдуИспанияга миңдеген мигрант мыйзамсыз кирди"Борбор Азияда мунай заводун куруу керек". Чолпон-Атада эмне сөз болду?